• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 24-ноябрда КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын күн тартибинин бир катар актуалдуу саясий жана соода-экономикалык чөйрөлөрүндөгү маселелери боюнча пикир алмашып, мындан аркы практикалык өз ара аракеттенүүнүн келечегин белгилешти.

Ошондой эле маектештер алдыдагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги тышкы саясий иш-чаралар, жана ошондой эле Биринчи кыргыз-казак аймактар аралык форуму боюнча пикир алмашышты.

Сүйлөшүүлөрдүн аягында тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда тыгыз кызматташтыкты мындан ары чыңдоого ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий