• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча жумушчу топтун II жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 09.09.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин жана Казакстандын премьер-министринин орун басары, соода жана интеграция министри Серик Жумангарин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун экинчи отуруму болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

"Биздин бүгүнкү жолугушуубуз кыргыз-казак кызматташтыгын жана өнөктөштүгүн өнүктүрүү жана тереңдетүү боюнча жалпы максаттарга жетүүгө алып баруучу дагы бир маанилүү кадам болот деп ишенем. Бизде эки тараптуу сооданы көбөйтүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар, бирок бул үчүн соода саясатыбызды кайра карап чыгып, бүгүнкү күндө соода жана товарлардын транзити чөйрөсүндө калыптанып калган көйгөйлөрдү жана тоскоолдуктарды алып салышыбыз керек", - деди Адылбек Касымалиев.

Министрлер кабинетини башчысынын биринчи орун басары белгилегендей быйылкы жылдын 1-жарым жылдыгында эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 568 миллион АКШ долларын түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23,9%га өскөн.

"Биздин мамлекет башчылар эки өлкөнүн ортосундагы сооданын деңгээлин 2 миллиард долларга жеткирүү милдетин коюшту. Бул милдет Өкмөттөр аралык кеңештин 10-жыйынынын Протоколунда жана мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүндө да белгиленген. А бизде умтула турган нерсе бар"-деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө Казакстан Республикасынын вице-премьер-министри – соода жана интеграция министри Серик Жумангарин эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги абалды, Казакстан Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан контролдук-инспектордук иш-аракеттерди күчөтүүгө байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Мурда жетишилген макулдашууларды аткаруу жана электрондук эсеп-фактурасы бар жүк ташуучу унааларга карата текшерүү чараларын жоюу боюнча чараларды көрүү, ошондой эле эки мамлекеттин ортосунда навигациялык пломбаларды колдонууну кайра баштоо маселесин иштеп чыгуу боюнча милдеттенмелер тастыкталды.

Жолугушууда тараптар ошондой эле «Ак-Тилек» жана «Карасу» автожол постторунун аймагында биргелешкен өнөр жай соода-логистикалык комплексин куруу долбоорунун жүрүшүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун 2-жыйынынын протоколу, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлиги ортосунда жашылча-жемиштерди жеткирүүнү уюштуруу ниети жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий