• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте кыргыз-казак ТИМдер аралык консультациялары болуп өттү

Саясат 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев менен Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Марат Сыздыковдун деңгээлинде кыргыз-казак ТИМдер аралык консультациялары болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, консультациялардын жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кыргыз-казак мамилелеринин актуалдуу жана күнүмдүк маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты.

Чек ара кызматташтыгы, атап айтканда, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан КР жарандарынын автомобиль өткөрүү пункттары аркылуу тоскоолдуксуз өтүүсүн калыбына келтирүү, жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз автомобиль менен эл аралык ташууну калыбына келтирүү, ошондой эле Соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун тең төрагаларынын ортосунда мурда жетишилген макулдашууларга ылайык, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды тоскоолдуксуз өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар бийик жана жогорку деңгээлдеги, анын ичинде парламенттер аралык кызматташуунун алкагында алдыда боло турган жолугушуулардын жана сапарлардын календардык планын карап чыгышты, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алышты.

Тараптар мамлекет жана өкмөт башчыларынын деңгээлинде болуп өткөн сапарлардын жыйынтыгы боюнча макулдашууларды, анын ичинде айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ыңгайлуулугу үчүн чек ара аймактарында өз ара сооданы көбөйтүүгө кошумча түрткү бере турган биргелешкен соода-логистикалык жана дүң бөлүштүрүү борборлорун түзүү боюнча келишүүлөрдү ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.

Бир катар ири эки тараптуу иш-чаралардын алдында өткөрүлгөн ТИМдер аралык консультациялар тараптарга негизги маселелер боюнча пикир алышып, мындан аркы кызматташуунун келечегин аныктоого мүмкүндүк берди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тараптар достук жана ынак коңшулук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий