• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте кыргыз–казак жаш депутаттарынын форуму өтүүдө

Коом 0

Бишкек. 30.04.19 /Кабар/. Бишкекте 29-30-апрелде кыргыз-казак жаш депутаттарынын биринчи форуму өтүүдө. Иш-чара Астана дипломатиялык клубунун колдоосу менен уюштурулган.

Ага Казакстан Маалымат министригинин жарандык коомчулук иштери боюнча комитетинин өкүлдөрү, Казакстан Жаш депутаттар ассоциациясы, эки өлкөнүн жергиликтүү жана шаардык кеңешинин депутаттары, бизнесмендер, эксперттер, бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү катышууда. Бишкек форумуна катышуу үчүн Казакстандан 20дан ашуун киши келген.

Жолугушуунун катышуучулары “Кыргызстан жана Казакстандагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу модели: аймактарды өнүктүрүүдөгү кошуналардын тажырыйбалары” деген темада талкуу өткөрүштү.

Астана дипломатиялык клубунун президенти Кайырболат Сахметовдун билдиришинче, бул иш-чара Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүүдө.

“Форумдун максаты – аймактык диалогду, бир тууган кошуна өлкөлөрдүн ортосундагы саясий байланышты мындан ары бекемдөө. Келечекте бул сыяктуу жолугушууларды жыл сайын өткөрүү пландалууда. Жолугушуу эки өлкө ортосундагы ишенимди бекемдөөгө, ЕАЭБ алкагында кызматташууну арттырууга жардам берет деген үмүттөбүз. Келечекте Борбор Азия чөлөмүндөгү бардык маселелер талкуулана турган аянтчага айланат деген тилек бар”.

Форумдун жыйынтыгы менен мындан аркы кызматташуунун “Жол картасын” иштеп чыгуу, элдик дипломатия алкагында “Казакстан-Кыргызстан” коомун түзүү пландалууда.

“Сидердин фракция лидерлериңиздер баарлашууда өтө жөнөкөй жана кандай гана учур болбосун байланышууга даяр экенин белгилеп кетким келет. Жарандык сектордун күчү менен эки өлкөнүн парламенттеринин деңгээлинде конструктивдүү диалогду жөнгө салууну пландап жатабыз. Кыргызстандагы жаштар парламентинин тажрыйбасы биз үчүн өтө кызыктуу. Бул жаштар арасында саясий маданиятты калыптандырууга жардам берет”, - деди Кайырболат Сахметов.

30-апрелде казак депутаттары менен Кыргызстан парламентинин фракция лидерлеринин жолугушуусу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий