• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте кыргыз классикалык күрөшү боюнча республикалык турнир өтөт

Спорт 0

Бишкек, 07.05.18. /Кабар/. 8-9-май күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында кыргыз классикалык күрөшү боюнча республикалык турнир өтөт. Иш-сара Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковдун элесине арналган.

Турнирге Бишкек жана Ош шаарларынан, Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынан мушкерлер катышат.

Иш-чаранын максаты – улуттук спорттун түрүн жайылтуу, жаштарды дени сак жашоого үндөө жана командалык демди ойготуу.

Спортчуларды салмакка тартуу жана каттоо 8-майда саат 8:00дө Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт. Кирүү акысыз.

Турнирди өткөрүү үчүн улуттук спорттун түрү боюнча дирекциядан 287 миң сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий