• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте кыргыз-кореялык биринчи бизнес-форуму өттү

Экономика 0

Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Бишкекте текстиль жана өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты арттыруу максатында кыргыз-кореялык биринчи бизнес-форуму болуп өттү.

“Кыргызиндустрия” ААКсынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чара Кыргызстандын Кореядагы элчилиги тарабынан уюштурулган.

Бизнес-форумга Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ, “Кыргызиндустрия” ААКсынын президенти Жарасул Абдураимов жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада “Кыргызиндустрия” ААКнын президенти биргелешкен өнөр жайлык долбоорлорду ишке ашырууда, анын ичинде электромобилдерди жана электр менен иштеген жеңил коммерциялык жүк ташуучу автомобилдерди берүү жана куроо, жүндү жууп-тазалоо жана пахта жиптерди өндүрүү, текстилден жана трикотаждан буюмдарды жасоо процесстерине заманбап технологияларды киргизүү боюнча кызматташууга даяр экендиктерин билдирди.

“Кыргызиндустрия” ААКсынын тышкы экономикалык байланыштар жана соода боюнча вице-президенти А. Байышбеков Корея тараптын катышуусу менен ишке ашырууга мүмкүн болгон жибек өндүрүүнү, синтетика жана жасалма булалардан кездеме токууну жандандыруу боюнча долбоорлорду презентациялады.

Пикир

Оставить комментарий