• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте кыргыз-кытай экономикалык конференциясы болду

Экономика 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Бишкектеги “Ала-Ара” мамлекеттик резиденциясында ““Бир жол бир алкак” экономикалык өнүгүү стратегиясынын алкагында биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу” аталыштагы эл аралык кыргыз-кытай бизнес-конференциясы ачылды.

Форумга катышуу үчүн Тяньцзинь (Кытай) шаарынан делегаттар келишкен. Кытай делегаттарынын курамы бизнес-уюмдардан жана экономика жаатындагы өкүлдөрдөн турат. Эл аралык конференциянын ишине КР өкмөтүнүн, экономика министрлигинин, БШК жана КР инвестицияны коргоо жана илгерилетүүү агенттигинин өкүлдөрү катышты.

Форумдун катышуучулары эки өлкөнүн экономикалык жана соода-сатык жаатындагы жөндөмдүүлүгү менен таанышышты. Катышуучулар Кыргызстандын инвестициялык климатын кененирээк талкуулашты, анткени кыргыз-кытай өнөр жай паркын түзүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий