• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте кыргыз музыкасынын жаратмандарына арналган концерт өттү

Маданият 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Кечээ, 20-сентябрь күнү Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Композиторлор союзу биргеликте кыргыз музыкасынын жаратман юбилярларына арналган концерттик программа уюштурду.

Министрликтин басма сөз кызматы билдргендей, жагымдуу маанай жана эстен кеткис кайрыктарды эске салган концерт КР эл артисттери Эсенгул Жумабаев жана Сардарбек Жумалиевдин - 80 жылдыгына, Адылжан Абдылдаевдин, Жылдыз Малдыбаеванын, Түгөлбай Казаковдун, Атайбек Бөдөшовдун, Акимжан Жээнбайдын 70 жылдыгына, ошондой эле, Кадыралы Артыковдун 60 жылдыгына арналды.

Концертке маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышып, өмүр жолу өрнөк болгон кыргыз музыкасынын жаратмандарына чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Министр ошондой эле, бүгүнкү күндө обончу жана композиторлордун кыргыз музыкасындагы ордуна токтолуп, көзгө көрүнбөгөн чыгармачылыктын күжүрмөн каармандарынын эмгектери, алардын кайталангыс обондору кыргыз сахнасында гана эмес дүйнөнү кыдырып, өз угармандарын таап жаткандыгын кошумчалады. Кара сөзгө жан киргизип, угармандардын жүрөгүнөн орун таап, тилсиз музыканы башкарып жаткан ар бир жаратмандын эмгеги табылгыс кенч жана казына деп жыйынтыктады министр өз сөзүн.

Бул обончу жана композиторлордун юбилейлик мааракелери пандемияга байланыштуу жылдырылып келген.

Концертти КР эл артисти Рахатбек Осмоналиев дирижёрлук кылган А.Жумахматов атындагы Кыргыз академиялык симфониялык чоң оркестри коштоду.

Пикир

Оставить комментарий