• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын кеңейтилген курамдагы жыйыны башталды

Экономика 0

Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Россиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басарынын Алексей Оверчуктун төрагалыгы алдында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын кеңейтилген курамдагы жыйыны башталды.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан Россия менен өнөктөштүк мамилелерге ар дайым өзгөчө маани берерин белгиледи.

“Тарыхый, маданий тыгыз байланыштардан улам келип чыккан мамлекеттерибиздин ортосундагы союздук мамилелер жана стратегиялык өнөктөштүк өлкөбүздүн тышкы саясатынын маанилүү артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Учурда биздин өз ара аракеттенүүбүз мамлекеттердин турмушунун бардык чөйрөлөрүндө жана мамлекеттер аралык диалогдун бардык деңгээлдеринде ишке ашырылып жатат. Россия биздин эң жакын союздашыбыз гана эмес, салттуу түрдө Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Биздин өлкөнүн тышкы соодасынын түзүмүндө өзгөчө орунду ээлейт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий