• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте кыргыз-россия ТИМдер аралык консультациялары өттү

Саясат 0

Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. Бүгүн, 29-июлда Бишкек шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев менен Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденконун деңгээлинде кыргыз-россия ТИМдер аралык консультациялары өттү.

КР ТИМнин басма сөз кызматы билдиргендей, консультациялардын жүрүшүндө кыргыз-россия ар тараптуу кызматташтыгынын, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле аймактык жана глобалдык күн тартибиндеги маселелер боюнча кылдат пикир алмашуулар болду.

Тараптар алдыда боло турган эки тараптуу жана көп тараптуу тышкы саясий иш-чараларды, пландалган бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды талкуулашты. Соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүү маселелерине, ошондой эле эки өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Н.Ниязалиев россиялык тарапка жеңил административдик укук бузууларды жасаган 47 миңге жакын кыргызстандыктын Россиянын аймагына кирүүсүнө тыюу салуу чечимин алып салгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар кыргыз-россия мамилелеринин деңгээлин жогору баалап, эки тараптуу деңгээлде да, БУУ, КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ, ЕККУ ж.б. сыяктуу эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында да өз ара ишенимге жана түшүнүүгө негизделген кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий