• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте кыргыз-россиялык жаштар форуму өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 26.07.19./Кабар/. Бишкекте кыргыз-россиялык жаштар форуму өтүүдө. Ага өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаштардын ишкерчилиги, ыктыярчылык, туризм, аймактарды жана айыл чарбаны өнүктүрүүдө айыл жаштарынын орду тууралуу талкуу жүрүп, келерки жылга карата жаштар уюмдарынын иш планы иштелип чыгат.

Бул иш-чаранын максаты эки өлкө ортосундагы жемиштүү кызматташтыкка өбөлгө боло турган демилгелерди ишке ашыруу жана эки тараптуу алаканы бекемдөө болууда.

Форумдун алкагында КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Россиянын Жаштар иштери боюнча федералдык агенттик ортосунда жаштар саясаты тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлмакчы.

Иш-чаранын программасында Ысык-Көлдөгү Кырчын капчыгайына жана "Рух Ордо" маданий борборуна баруу каралган.

Пикир

Оставить комментарий