• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте кыргыз сомуна арналган аллея ачылды

Коом 0

Бишкек, 31.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкектин Түштүк дарбаза паркында кыргыз сомуна арналган аллеясы пайда болду. Бүгүн, 31-мартта аллея КР Улуттук банкынын жетекчилиги жана кызматкерлери тарабынан отургузулду.

Улуттук банктын аллеясы деп аталган аллеяда бардыгы болуп 45 көчөт отургузулду.

“Аллея Улуттук банктын 25 жылдыгына арналат. Мен биздин өлкө келечекте мындай чоң иш-чараларды дагы көп белгилейт деп ишенем. 25 жыл биздин өлкө үчүн анчалык деле көп убакыт эмес, бирок ушул аралыкта биз Улуттук банк кандай иштеши керектиги жөнүндөгү механизмди таптык”,-деп билдирди КР Улуттук банкынын башчысы Толкунбек Абдыгулов.

Ал ошондой эле шаарды жашылдандыруунун алкагында аллеяга отургузулган дарактар “Жашылдандыруу курулуш” МИсы менен макулдашылганын билдирди.

Андан тышкары, КР Улуттук банктын төрагасынын айтуусунда сомдун 25 жылдыгына карата өлкөдө бир нече илимий конференциялар өткөрүлөт.

“Эң ири конференция 11-майда өтөт, ага дүйнөлүк адистер жана биздин коллегалар келишет”,-деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий