• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте кыргыз-тайван бизнес форуму өттү

Экономика 0

Бишкек, 13.09.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. 11-сентябрда Бишкектеги мейманканалардын биринде кыргыз-тайван бизнес форуму өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаш Ишкерлер Ассоциациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш чара эки өлкөнүн ишкерлер арасындагы соода мамилелерин өнүктүрүүгө арналган.

Форумга 100дөн ашуун жергиликтүү жана Тайвандан келген 10 ишкер катышты.

Долбоордун алкагында кечээ, 12-сентябрда тигүү цехтерине жана маалымат технологиялары академиясына саякат уюштурулду. Анда ишканалардын иши менен таанышып, эки тараптуу мамилелерди чыңдоо жаатында сүйлөшүүлөр жүрдү.

Пикир

Оставить комментарий