• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте кыргыз тилчи мугалимдердин жана китепканачылардын форуму өтүүдө

Билим 0

Бишкек, 15.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-ноябрда “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр Улуттук борборунда “Кыргыз тилин бирге өнүктүрөлү” аталышындагы кыргыз тили мугалимдеринин жана мектеп китепканачыларынын форуму өтүүдө.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиргендей, форумга Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, китепкана тармагында эмгектенген кызматкерлер, кыргыз тилчи мугалимдер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов форумдун катышуучуларына видео кайрылуу жасап, китепканалар тилди өнүктүрүүнүн, өнүгүүнүн борбору экендигин белгиледи.

Ал эми билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Талантбек Бекташов форумдун негизги максаты тилди өнүктүрүүдө китепканачылар менен кыргыз тилчилердин өз ара ишмердүүлүгүн бекемдөө деп билдирди.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР мыйзамынын кабыл алынгандыгына быйыл туура 33 жыл толду. Мындан улам министрлик тарабынан бир айлык жарыяланган. Бүгүнкү форум бир айлыктын алкагында белгиленген иш-чаралардын бири. Форумдан пайдалуу маалыматтарды алуу менен өз ишиңиздерде натыйжалуу пайдаланасыздар деп терең ишенем”, - деди ал.

Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Талантбек Бекташов жана КР президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова китепкана ишин өнүктүрүүгө салым кошкон адамдарга атайын сыйлыктарды тапшырды.

Форумдун жүрүшүндө спикерлер тарабынан китепкана жана кыргыз тил боюнча баяндамалар жасалып, жыйынтыгында резолюция кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий