• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте кыргыз тили мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына карата иш-чара өтөт

Билим 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги «КРнын Мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына карата билим берүү тармагында жарыялаган акцияны жыйынтыктоо максатында иш-чара өткөрүлөт.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, салтанаттуу иш-чара 2021-жылдын 10-декабрында саат 10:00дө И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жыйындар залында өтөт.

Иш-чарага КР президентинин администрациясынын, президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын, министрлер кабинетинин, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, республиканын бардык аймагынан мектепке чейинки билим берүү, жалпы орто билим берүү уюмдарынын мугалимдери жана башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучулары катышат.

Иш-чаранын алкагында акцияга, сынакка жигердүү катышкан финалисттер жана окуу жайлар, калыстар тобунун мүчөлөрү баалуу белектер жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланат.

Андан тышкары бардык катышуучуларга улуттук программанын алкагында басылып чыккан китептер таркатылат.

Иш-чара бардык санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо жана аткаруу менен өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий