• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн республикалык кеңешме өттү

Билим 0

Бишкек, 24.08.21. /Кабар/. Кечээ, 23-августта Билим берүү жана илим министрлиги «Ала-Тоо» эл аралык университетинин базасында «Татыктуу тарбия жана сапаттуу билим берүү – өлкөнүн өнүгүшүнүн жана өркүндөшүнүн өбөлгөсү» аталышында билим берүүнүн бардык баскычтарынын кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн республикалык кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

маалыматка ылайык, кеңешмеге КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев, билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева баш болгон жетекчилер, ошондой эле республикабыздын булуң-бурчунан келген кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышты.

Пленардык жыйында кыргыз тилин эне тили, экинчи тил катары окутуунун өркүндөтүлгөн концепциясынын долбоору, кыргыз адабиятын окутуунун актуалдуу маселелери, көп тилдүү билим берүү, «Манас» эпосун окутуу, кыргыз тилинде китеп чыгаруу маселелери, «Улут» мобилдик тиркемеси жана анын мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү ролу тууралуу баяндамалар жасалды. Кеңешменин алкагында катышуучулар 8 секцияда жигердүү иш алып барышты.

Пикир

Оставить комментарий