• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Кыргыз улуттук “Манас” театрын ачуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 16.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте Кыргыз улуттук “Манас” театрын ачуу пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова билдирди.

Анын айтымында, “Манас” театрын ачуу боюнча концепция иштелип чыкты.

“Устав, буйруктардын баары даяр болду. Учурда укуктук-ченемдик актылар даярдалууда. Алар бүтсө ишке кирет”, - дейт ал.

Аманова ошондой эле “Манас” мектебин түзүү каралып жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий