• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте кыргыз-өзбек бизнес форуму өтөт

Коом 0

Бишкек, 05.09.17 /Кабар/. Бишкекте бүгүн кыргыз-өзбек бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, форумга Өзбекстандын тышкы соода министрлигинин өкүлдөрү, инвестиция боюнча Мамкомитет, соода жана өнөр-жай палатасынын өкүлдөрү жана 20 жакын компания катышат.
Кыргыз тараптан соода жана өнөр-жай палатасынын, экономика министрлигинин өкүлдөрү жана Кыргызстандын бизнес коомчулугу катышмакчы.
Форумдун башкы максаты кыргыз-өзбек кызматташтыгын чыңдоо, ошондой эле эки тараптуу соода сатыктуу кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.
2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү 170 млн АКШ долларын түзгөн.
Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидовдун жакында билдиргендей, 2017-жылы ки тараптуу соода жүгүртүү 110 млн долларга жеткен.

Пикир

Оставить комментарий