• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтун биринчи жолугушуусу өттү

Саясат 0

Бишкек, 07.05.22. /Кабар/. 2022-жылдын 5-7-май күндөрү Бишкек шаарында Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоону уюштуруу жана укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик-техникалык документтердин долбоорлорун талкуулап, макулдашышты.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында Протоколго кол коюлду.

Кийинки жолугушуу Өзбекстандын аймагында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий