• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын эл аралык бизнес форуму өтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-сентябрда Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын эл аралык бизнес форуму өтүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Форумга КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, БУУнун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча өкүлү Наталья Герман, Тажикстан өкмөтүнүн аялдар жана үй-бүлө маселеси боюнча комитетинин төрагасы Хилалби Курбонзода, Казакстан парламентинин Эл аралык иштер жана коргонуу боюнча комитетинин төрайымы Айгүл Куспан, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер айымдары катышууда.

Форумда сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева биринчи жолу ишкер аялдардын башы биригип, кеңири форматта сүйлөшүү аянты түзүлүп жатканын кубануу менен белгилеп, бүгүнкү башталган иш-чара жемиштүү жыйынтыкталарына ишенерин билдирди.

Ал эми Танзила Нарбаева Өзбекстан парламентиндеги депутаттардын 32%ы аялдар экенин, мамлекеттик саясатта гендердик теңдик камсыздалганын кошумчалады. Муну менен катар ишкер аялдарды колдоо максатында мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнүп, атайын каржылоочу банк түзүлгөнүн маалымдады.

Андан тышкары, форумдун катышуучулары ишкер аялдардын ишмердүүлүгүн колдоо маселесин көтөрүшүп, тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Пикир

Оставить комментарий