• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте "Кыргыз жараны" концепциясынын долбоору сунушталды

Коом 0

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 6-июнда Инновациялар борборунда 2021-2026-жылдары Кыргызстанда кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы менен тааныштырууга арналган маалымат жыйын өттү.

Жыйынга президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын реформалардын саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, изилдөөлөр бөлүмүнүн эксперти Данияр Суюнов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, концепциянын авторлошу, эксперт Санжар Тажиматов жана Чынара Эсенгул, концепциянын эн белгисинин автору Марсель Шейшеновдор катышты.

Анда Данияр Суюнов президент Садыр Жапаровдун 2021-2026-жылдары Кыргызстанда кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясынын маанилүүлүгүнө токтолуп, министрлер кабинети тарабынан аткарылып жаткан иштерди белгилеп өттү.

Ал эми, министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулунун айтымында, бул планды ишке ашыруунун алкагында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан концепцияны ишке ашыруу боюнча Коммуникациялык стратегия иштелип чыккан. Документти иштеп чыгууда 2021-2026-жылдары Кыргызстанда кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясында аныкталган стратегиялык жана коммуникациялык максаттар, милдеттер жана аракеттер, жооптуу аткаруучулар жана негизги өнөктөштөр, мөөнөттөр жана күтүлгөн натыйжалар колдонулган.

""Кыргыз жараны" концепциясын иштеп чыгуу учурунда келип чыккан негизги маселелердин бири калктын “Кыргыз жараны ким экенин”, жарандык өзүн таануунун этностук же башка иденттүүлүктөн айырмасын түшүнбөстүгү болгон. Буга байланыштуу коммуникациялык стратегияны иштеп чыгууда ЖМКлар аркылуу калктын бардык катмарында кыргыз жараны деп өзүн таануу түшүнүгүн калыптандырууга басым жасалган. Стратегиянын башкы максаты - калктын бардык катмарларында кыргыз жараны деп өзүн таануу жөнүндө бирдиктүү түшүнүктү калыптандыруу, коомдун жана мамлекеттин социалдык биримдигин өнүктүрүүдөгү ролун жана кыргыз жараны концециясынын бардык аткаруучуларынын аны ишке ашыруудагы милдеттенмелерин жогорулатуу болуп саналат. Биздин пикирибизде, бул үчүн Кыргыз жараны деп жарандык өзүн таануунун маңызын жана анын этностук өзүн таануудан айырмасын түшүнүнүүнү калыптандыруу, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жарандарынын социалдык жана жарандык биримдигин мотивациялоону жогорулатуу зарыл", - деди Чыңгыз Эсенгул уулу.

Ал эми эксперт Санжар Тажиматов калктын каада-салтына жана турмуш-тиричилигине негизделген концепциянын идеясынын пайда болушу тууралуу кенен маалымат берип жатып, Кыргызстанды көз карандысыздык жылдарында дайыма этностук жана диний чөйрөлөрдө башкаруудагы жана өз ара аракеттенүүдөгү кыйынчылыктар коштоп келгендигин айтып, этностук кагылыштар да болгонун белгилеп өттү. Бириктирүү жана интеграциялоо кызыкчылыктарына жооп берген мамлекеттик программаны ишке ашыруу аракеттери көп көрүлгөн, бирок жыйынтык болгон эмес. Кыргызстанда дал 2010-жылдагы окуялардан кийин таасирдүү Концепцияны түзүү тууралуу олуттуу ойлор башталды. Анын аркасында биз жаңжалдан кийинки мезгилди салыштырмалуу түрдө тынч өткөргөнүн, андан соң концептуалдык жаңы бириктирүүчү документти иштеп чыгуу зарылдыгы бышып жетилген, деп баса белгиледи.

Анын айтымында, концепция эч кандай ассимиляция жана социалдаштырууну камтыбайт. Кеп эч кандай таңуулоосуз интеграция тууралуу гана болууда.

Концепциянын авторлошу, эксперт Чынара Эсенгул концепция уникалдуу экендигин, ал эми “Кыргыз жараны” атоосу өлкөнүн аталышы - Кыргыз Республикасы деген сөздөн келип чыккан жана этностук таандыктыгын сактоо менен бардык этностук коомчулуктарды бириктирген жалпы жарандык өзүн таануу атоосу болуп саналарын айтты.

Концепциянын эн белгисин түзүүчү, дизайнер Марсель Шейшенов дизайнердик принциптер тууралуу айтып, логотипти иштеп чыгууда эксперттик коомчулуктун гана эмес, катардагы жарандардын, түрдүү этностук топтордун өкүлдөрүнүн пикирлери эске алынганын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий