• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте "Кыргызстандын айым режиссерлорунун III Кинофоруму" өтөт

Коом 0

Бишкек, 12.03.19. /Кабар/. Бишкекте 15-16-март күндөрү "Кыргызстандын айым режиссерлорунун III Кинофоруму" болуп өтөт. Бул тууралуу "Азия Чыгармачыл Айымдарынын" коомдук фондунан билдиришти.

Эки күнгө созулган кинофорум Ч.Айтматов атындагы Кино үйүндө өтөт. Биринчи күнү тегерек үстөл үстүндө баарлашуу уюштурулуп, белгилүү ишмер жана чыгармачыл адамдар менен пикир алышуу, тажрыйба алмашуу болот.

Иш-чаранын экинчи күнүндө кинофорумдун катышуучуларынын тасмалары тартууланат. Андан кийин, режиссерлор менен көрүүчүлөр арасында суроо-жооп түрүндөгү маектешүү болмокчу.

Уюштуруучулар билдиргендей, бул жылы иш-чара "Сорос-Кыргызстан" фондунун жана продюсер, коомдук ишмер Эмир Сарпашевдин колдоосу менен өтүүдө. Былтыркы жылдан тарта форум эл аралык денгээлге чыгып, коңшу мамлекеттерден коноктор чакырылган.

"Бул жылы 12 тасма тандалып алынып, алардын ичинен «Эң мыкты» аталган тасманын авторуна "Азия Чыгармачыл Айымдарынын" коомдук фонду тарабынан техникалык колдоо көрсөтүү тууралуу сертификат берилет. III Кинофорумга Россиядан режиссер-документалист Галина Евтушенко жана "Россия" кинофестивалынын директору Инна Демежко, Беларустан режиссер-документалист Галина Адамович келет. Ошондой эле Казакстандан да катышуучулар келет", - деп билдирет уюштуруучулар.

"Кыргыз айым режиссерлорунун I Кинофоруму" алгачкы ирет 2016-жылы 17-декабрда өткөрүлүп, биринчи жолу Кыргызстандагы айым режиссерлордун башын бириктирген чоң иш-чара болгон.

Кинофорумдун максаттары:

- режиссер айымдардын башын бириктирүү, өз ара пикир алышууга шарт түзүү;

- режиссер айымдарга мотивация берүү жана шыктандыруу;

- режиссер жана сценарист айымдардын тасмаларын, эмгектерин элге таанытуу;

- жаш режиссёрлорду таанытуу жана колдоо көрсөтүү;

- кыргыз киносун эл аралык деңгээлге көтөрүү;

- кыргыз кереметин түптөгөнгө салым кошкон, аты унутта калган айым-режиссёрлорду даңазалап, алардын эмгектерин элге жеткирүү;

- өлкөдөгү гендердик маселелерге коомчулуктун көңүлүн буруу;

- Кыргызстандагы айымдардын укугунун бузуу фактыларын тасмалар аркылуу көтөрүп чыгуу.

Белгилей кетсек, аталган иш-чараны уюштурган "Азия Чыгармачыл Айымдарынын" коомдук фонду 2013-жылы 16-ноябрда Асель Жураева жана Айгерим Бирназарова тарабынан түзүлгөн. Фонд Азия чөлкөмүндөгү чыгармачыл айымдарды колдоо, алардын ар кандай идеяларын, чыгармаларын, долбоорлорун иш жүзүнө ашырууга жардам берүү жана Азия чыгармачыл айымдарын дүйнө жүзүнө таанытуу максатында түптөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий