• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" аталыштагы курултай болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 25.11.2018 /Кабар/. Бишкектеги Кыргыз драма театрынын залында "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" аталышындагы курултай өттү. Ал бейөкмөт уюмдар, коомдук ишмерлер, оппозициялык көз караштагы саясатчылар тарабынан уюштурулган.

Иш-чараны өлкөнүн мурдагы башкы прокурору Азимбек Бекназаров ачты. Ал өз сөзүндө өлкөнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин иштери тууралуу кеп кылып жана учурдагы президент Сооронбай Жээнбековго мурдагы бийликтен коорупцияга байланышкан көптөгөн көйгөйлөр калгандыгын баса белгилеп кетти.

Бардыгы болуп 20га жакын делегат сүйлөдү, алардын арасында Равшан Жээнбеков, Исмаил Исаков, Эмилбек Каптагаев, мурдагы омбудсмен Турсунбек Акун жана башкалар бар.

Иш-чаранын аягында мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишинин жыйынтыгы канааттандырарлык деп табылып, ошондой эле Жогорку Кеңештин жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иши канааттандырарлык эмес деп табылган резолюция кабыл алынды.

Жыйынтыгында курултайдын катышуучулары Алмазбек Атамбаевга карата коорупциялык иштерди иликтөө боюнча жана камалган саясатчылардын ишин кайра кароо боюнча атайын комиссия түзүү сунушун бир добуштан колдоп беришти.

Курултайдын иши дээрлик беш саатка созулду, КР президентинин аппаратынан курултайга президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев катышты.

Пикир

Оставить комментарий