• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте "Кыргызстан – КЭР СУАР" координациялык тобунун X отуруму өттү

Коом 0

Бишкек, 19.04.19 /Кабар/. Бүгүн, 19-апрель күнү Бишкекте "Кыргызстан – КЭР СУАР" координациялык тобунун X отуруму өттү. Отурумдун жыйынтыгы менен жетишилген келишим жана соода-экономикалык кызматташтык тууралуу протоколго кол коюлду.

Отурумда сүйлөгөн экономика министри Олег Панкратов, өнүккөн экономикасы бар, дүйнөлүк алдыңкы мамлекеттин бири жана ири дүйнөлүк экспортер менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты арттыруу Кыргызстандын тышкы экономикалык иштеринин артыкчылыктуу багыттарынан болорун белгиледи.

"Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык району (СУАР) Кыргызстандын негизги стратегиялык жана инвестициялык өнөктөшү болуп келет. Ошондой эле, эки өлкөнүн элин узак достук жана өз ара мамилелер бириктирип турат. Координациялык топтун ишмердиги бир нукка түшкөнүн айтып коюу керек. Кыргызстан менен КЭР СУАР ортосунда тыгыз экономикалык байланыш бар, аны менен бирге ишкердик өнөктөштүк түзүлгөн", - деди Панкратов.

Отурумдан кийин Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөт аралык комиссиясынын алдындагы "Кыргызстан – КЭР СУАР" координациялык тобунун X отурумунун протоколуна кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий