• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте "Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" кинофестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 04.12.19. /Кабар/. 12-15-декабрь күндөрү Бишкекте "Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" IX эл аралык кинофестивалы болуп өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографисттер бирикмесинен билдиришти.

Бул жылы кинофестиваль Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналып өткөрүлөт.

Фестивалдын ачылышы 12-декабрь күнү саат 12:00дө "Манас" кинотеатрында болот. Ал эми 15-декабрь күнү саат 16:00дө фестивалдын жеңүүчүлөрүнүн аты аталат. Фестивалда "Мыкты тасма", "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү", "Калыстар тобунун атайын сыйлыгы", "Мыкты режиссердук иш" боюнча сыйлыктар тапшырылат.

Быйыл фестивалга 700дөн ашык билдирүү келип түшкөн. Алардын арасынан улуттук сынакка 17 атамекендик тасма, ал эми эл аралык сынакка 14 тасма тандалып алынган.

Кинофестиваль эки сынактык программадан туруп (улуттук жана эл аралык), анда көркөм, документалдык, анимациялык жана эксперименталдык тасмалар көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий