• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте КР менен ЕБнын кызматташуусунун өнүгүү боюнча комитетинин жыйыны өттү

Саясат 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 5-апрелде Тышкы иштер министрлигинде Кыргызстан менен Европа биримдигинин кызматташуусунун Өнүгүү боюнча Кичи комитетинин 4-жыйыны болуп өттү.

Маалыматка ылайык, кыргыз делегациясын КР тышкы иштер министринин орун басары А.Молдогазиев, ал эми Европа биримдигинин делегациясын Европа комиссиясынын эл аралык кызматташтык боюнча башкы дирекциясынын Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Сара Риналди жетектешти.

Жолугушуунун күн тартибине Евробиримдиктин 2021-2027-жылдарга КРсы үчүн Көп жылдык Индикативдик программасынын жана 2021-2027-жылдарга Борбордук Азия үчүн Регионалдык Индикативдик программанын алкагында эки тараптуу жана аймактык кызматташуунун, ошондой эле кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча программаларды ишке ашыруу: билим берүү, социалдык коргоо, мыйзамдуулук, санариптештирүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана жашыл экономика маселелери киргизилип талкууланды.

Бул иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары өркүндөтүү боюнча кошумча кадамдарды, ошондой эле КР менен Евробиримдиктин ортосундагы программалык жана долбоордук кызматташуунун негизги формаларынын бири болгон бюджеттик колдоо маселелерин талкуулашты.

Талкуунун жыйынтыгында делегациялар протоколду кабыл алышты, анда жетишилген макулдашуулар жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана Евробиримдиктин КРдагы программаларынын жана долбоорлорунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган иш-чаралар комплекси чагылдырылды.

Пикир

Оставить комментарий