• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Кыргызстан менен Казакстандын күч түзүмдөрү ортосунда регби боюнча мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 20.08.19. /Кабар/. Бишкекте 20-августта Кыргызстан менен Казакстандын күч түзүмдөрү ортосунда регби боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш 20-август күнү Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын стадионунда өтөт. Мелдештин катышуучулары ИИМдин Ички аскерлеринин башчысынын кубогу үчүн таймашышат.

Мелдешке ИИМдин Ички аскерлеринин, КР Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын, ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун, Казакстандын ИИМинин Улуттук гвардиясынын командалары, Алматы шаарынын "Азия спорт" жана Алматынын шаарынын курама командалары катышат.

Каалоочулар таймашка келип, оюнду көрүп кетсе болот.

Пикир

Оставить комментарий