• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте Кыргызстан менен Казакстандын ТИМ башчыларынын жолугушуусу башталды

Саясат 0


Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Казакстандын премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди расмий иш сапары менен Кыргызстанга келген.

Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрлери тар жана кеңири чөйрөдө жолугушуу өткөрүшөт.

Жолугушууда тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, регионалдык коопсуздук жана чек ара кызматташтыгында, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан көп тараптуу өз ара аракеттенүүдөгү кыргыз-казак кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелерди карашат.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өз ара соодадагы тоскоолдуктарды жоюу жана кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын жүк ташуучуларынын тоскоолдуксуз өтүүсүн ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Пикир

Оставить комментарий