• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте Кыргызстан менен Казакстандын ТИМ башчыларынын жолугушуусу өтүүдө

Саясат 0

Бишкек, 20.05.19. /Кабар/. Бишкекке Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов расмий визит менен келди. Учурда Кыргызстандын ТИМ башчысы Чыңгыз Айдарбеков менен Атамкуловдун жолугушуусу өтүүдө.

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында Айдарбеков кесиптеши менен жылуу учурашып, эки өлкө ортосунда динамикалуу түрдө өнүгүп жаткан алакалар тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов бул кызматта анын Кыргызстанга болгон алгачкы визити экендигин айтты.

Белгилей кетсек, 22-майда Казакстандын ТИМ башчысы ШКУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин саммитине катышат.

Пикир

Оставить комментарий