• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Кыргызстан менен Кореянын ар тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 26.11.21./Кабар/. Бүгүн, 26-ноябрда КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Корея Республикасынын президентине караштуу Түндүк багыт боюнча экономикалык кызматташтык комитетинин төрагасы Пак Чон Су менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда төрага комитеттин ишмердүүлүгү, ишке ашырылып жаткан долбоорлор, ошондой эле кыргыз тарап менен кызматташууну өнүктүрүү пландары тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде министрдин орун басары А.Артыкбаев кыргыз тарап Түштүк Корея менен кызматташууну бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип, аны тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттардын бири катары карай тургандыгын билдирди.

А.Артыкбаев ошондой эле президент Мун Чжэ Индин «Жаңы түндүк саясаты» демилгесинин алкагында Корея Республикасы менен кызматташууну өнүктүрүүнүн жана региондорду өнүктүрүү, айыл чарба, инфраструктура, транспорт, экология, гидроэнергетика, санариптештирүү, тоо-кен өнөр жайы жана текстиль, билим берүү, өзгөчө COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүнүн алкагында саламаттыкты сактоо сыяктуу негизги тармактарда биргелешкен артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Министрдин орун басары Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) аркылуу Кыргызстандын экономикасынын социалдык маанилүү чөйрөлөрүндө долбоорлорду ишке ашырууга көрсөткөн жардамы үчүн Кореянын өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда А.Артыкбаев Корея Республикасы менен дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги визиттер менен алмашууну, бизнес коомчулугунун катышуусу менен бизнес форумдарды, ошондой эле кайчылаш маданият күндөрүн уюштурууну сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий