• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Кыргызстан менен Кытайдын дипмамилелеринин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата иш-чара өтүүдө

Саясат 0

Бишкек, 05.01.22. /Кабар/. Бишкек шаарында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филарманиясында Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өтүүдө.

Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, расмий өкүлдөр, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышууда.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев өзүнүн куттуктоо сөзүндө мындан туура 30 жыл мурун, 1992-жылдын 5-январында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө коммюникеге кол коюлгандыгын билдирди.

«Ошол учурдан тартып достук, эгемен кошуна мамлекеттер катары мамлекеттердин ортосундагы мамилелердин жаңы тарыхы башталды. Өз кезегинде бүгүнкү күндө кыргыз-кытай мамилелери саясий, соода-сатык, инвестициялык, билим берүү, маданий жана стратегиялык тармактарда өнүгүп, жогорку деңгээлде. Биз ошондой эле эки өлкөнүн жана алардын элдеринин түпкү кызыкчылыктарына жооп берген байланыштарыбызды мындан ары да өнүктүрүүнү пландап жатабыз», - деди ал.

Белгилей кетсек, салтанаттуу иш-чараны КТРК, республикалык жана облустук телеканалдар түз алып көрсөтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий