• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Кечээ, 25-октябрда Бишкекте "Кыргыз темир жолу" УК" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиевдин Кытайдын “Инженердик корпорациясынын №3 темир жолу” ЖЧКсынын делегация башчысы, “Кытай эл аралык инеженердик тобу” (CОVEС) ЖЧКсынын Борбордук жана Батыш Азия боюча аймактык директору Дзен Линбо менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу боюнча инфраструктуралык жана башка долбоорлорду талкуулашты.

"Иш сапардын алкагында делегациянын Бишкек – Кайыңды, Бишкек – Балыкчы участкаларындагы кыргыз темир жолунун объектилери, сунушталган Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече багыты боюнча таанышуу, КР Транспорт жана коммуникация министрлигиндеги жолугушуу, ошондой эле жогоруда аталган долбоорлор боюнча техникалык документтерди изилдөө мерчемделген", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, "Кыргыз темир жолу" УК" мамлекеттик ишканасынын стратегиялык өнүгүү планын ишке ашыруу максатында Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу боюнча инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу максатында, сентябрь айында 2021-жылы "Кыргыз темир жолу" УК" мамлекеттик ишканасы менен Кытайдын "Инженердик корпорациясынын №3 темир жолу" ЖЧКсы ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий