• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте Кыргызстан менен Кытайдын ТИМ башчыларынын сүйлөшүүсү башталды

Саясат 0

Бишкек, 13.09.20 /Кабар/. Бишкекте Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков жана Ван Инин сүйлөшүүсү башталды. Белгилей кетсек, жолугушуу Кытайдын ТИМ башчысынын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында өтүүдө.

Тар чөйрөдөгү сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министр Айдарбеков кесиптешин жылуу кабыл алып, мындай визит коронавирус пандемиясына байланышкан кыйын кырдаалга туш келгендиги жакынкы мезгилде бул абалдан чыгабыз деген ишенимди жаратарын белгиледи.

«Кыргызстан Кытай Эл Республикасынын жакын коңшусу, досу жана өнөктөшү болгон жана болуп кала берет. Ушул жылдын өткөн мезгилинде биз активдүү байланышып, маанилүү маселелерди талкууладык», - деди ал.

Чыңгыз Айдарбеков кесиптеши менен телефон аркылуу эки ирет сүйлөшкөндөрүн эске салды. Ошондой эле ал эки өлкөнүн башчылары да телефон аркылуу сүйлөшүп, маанилүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашкандыктарын жана алар иш жүзүнө аша баштагандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий