• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын коргоо ведомстволорунун эксперттеринин жолугушуусу өттү

Коом 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 15-мартынан 17-мартына чейинки аралыкта Бишкек шаарында Кыргызстан менен Россиянын Коргоо министрликтеринин эксперттеринин ортосунда сүйлөшүүлөр болду. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар аскер кызматкерлерин медициналык реабилитациялоо үчүн Кыргызстандын аймагында заманбап мейманкана комплексин куруу жана санитардык-курорттук дарылоо жаатында мындан аркы кызматташууну талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тараптар протоколго кол коюшуп, бул багытта мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий