• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын окуу жай ректорлорунун Биринчи форуму болот

Коом 0

Бишкек, 26.03.19 /Кабар/. Бишкекте 27-март күнү Кыргызстан менен Россиянын окуу жай ректорлорунун "Билим берүү менен илимди өнүктүрүү – келечекке инвестиция" аталышындагы Биринчи форуму болуп өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Министрлик билдиргендей, бул иш-чара Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасай турган мамлекеттик сапарынын алкагында өтөт.

Форумдун максаты илимий-билим берүүдөгү кыргыз-россиялык эки тараптуу кызматташуусун кеңейтүү болууда.

Форумдун ишине Россиянын илим жана жогорку билим берүү министри Михаил Котюков, агартуу министри Ольга Васильева, ректорлордун Россиялык Биримдигинин президенти Виктор Садовничий башында турган Россиянын 72 окуу жайынын ректорлору катышат. Кыргызстандын атынан ага, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, КРнын окуу жайларынын Ассоциациясынын төрагасы Абдылда Мусаев башында турган 31 окуу жайдын ректору катышат.

Форумдун жыйынтыгы менен КРнын окуу жайларынын Ассоциациясы менен Россиянын ректорлордун Россиялык Биримдигинин кызматташтык тууралуу Макулдашуусуна, ошондой эле Россиянын жана Кыргызстандын окуу жайлары ортосундагы бирдиктүү программа жана долбоорлорду ишке ашыруу жана кызматташуу боюнча 79 эки тараптуу макулдашууга кол коюлары белгиленип жатат.

Пикир

Оставить комментарий