• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ТИМ башчыларынын жолугушуусу болду

Саясат 0

Бишкек, 21.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 20-21-мартында кыргыз-сауд мамилелеринин тарыхында биринчи жолу Сауд Араб Падышалыгынын тышкы иштер министри Улуу Даражалуу Ханзаада Файсал бин Фархан Аль Сауддун Кыргызстанга сапары болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сауд Аравиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын борбор калаага расмий сапары Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин чакыруусу менен эки тараптуу күн тартибиндеги бардык маселелерди талкуулоо максатында болду. Белгилей кетсек, мындай жогорку деңгээлдеги алгачкы сапар Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын майрамдоо жылында өтүп жатат.

Бул сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин башчыларынын ортосунда кеңири сүйлөшүүлөр болуп өттү, анын жүрүшүндө Руслан Казакбаев менен Ханзаада Файсал Аль Сауд эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн перспективаларын талкуулашты.

Министр Р. Казакбаев кыргыз-сауд саясий кызматташтыгы эч кандай пикир келишпестиктердин жоктугу менен мүнөздөлөөрүн жана акыркы мезгилде «күч алып» жаткандыгын баса белгилеп, буга байланыштуу саудиялык тарапка эки тараптуу мамилелерди стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине чыгарууну сунуштады.

Тараптар үстүбүздөгү жылдын октябрында дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына карата мамлекет башчыларынын жана тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде өз ара куттуктоо каттарын алмашуу, ошондой эле КР президенти Сауд Жапаровдун Сауд Аравияга сапары боюнча биргелешкен координацияланган иш жөнүндө макулдашышты.

Кыргызстандын башчысынын үстүбүздөгү жылдагы САПка сапарына даярдык көрүү иштеринин алкагында тараптар төмөнкүдөй иш-чараларды уюштуруу зарылчылыгы боюнча өз ара түшүнүүгө келишти:

- Тышкы иштер министрликтери аралык саясий кенешмелер;

- Кызматташтык боюнча биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны;

- Кыргыз-Сауд бизнес форумун Бишкек шаарында өткөрүү;

- Бишкек шаарындагы Кыргыз-Сауд Маданият борборунун курулушу;

- ошондой эле дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына арналган башка иш-чаралар (маданият күндөрү, туристтик форум, илимий конференциялар ж.б.).

Эки өлкөнүн инвестициялык чөйрөсүндөгү кызматташтыгын кеңейтүүнүн алкагында тараптар Кыргызстандын Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын жеткиликтүү ипотекалык кредиттөө механизмдери аркылуу Кыргызстандын калкын турак жай менен камсыз кылуу максатындагы «Менин үйүм» турак-жай программасын каржылоону деталдуу талкуулашты, ошондой эле айыл чарба, ГЭСтерди куруу, инфраструктуралык долбоорлор ж.б. тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн биргелешкен кыргыз-сауд фондун түзүү маселеси боюнча өз ара түшүнүшүүгө келишти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө министр Руслан Казакбаев кыргыз тараптын Сауд Араб Падышалыгы менен саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташууну ырааттуу өнүктүрүүгө бекем ниетин билдирип, ушуга байланыштуу ар кандай деңгээлдеги өз ара иш сапарларды уюштуруунун, эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн, эл аралык уюмдардын (БУУ жана ИКУ) алкагында өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги эң актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Кыргызстандын жарандарынын Сауд Аравиясына туристтик максатта барууга болгон кызыгуусу тездик менен өсүп жатканын эске алуу менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Кыргыз Республикасынын жарандарына САПка электрондук туристтик виза алуу жол-жобосун жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында пресс-конференция болуп, анын жүрүшүндө Руслан Казакбаев жана Ханзаада Файсал Аль Сауд жетишилген макулдашуулар жана тараптардын кыргыз-сауд мамилелерин мындан ары да чыңдоого багытталган биргелешкен күч-аракеттерди көрүүгө умтулуусу тууралуу билдирүү жасашты.

Сапардын алкагында КП президенти Садыр Жапаров САПтын тышкы иштер министрин кабыл алды. Ошондой эле, КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуу болду.

Өз кезегинде, Ханзаада Файсал Аль Сауд ага көрсөтүлгөн меймандостугу үчүн өлкөнүн жогорку жетекчилигине чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирип, ошондой эле Бишкекте болгон учурунда көтөрүлгөн келишимдерди жана демилгелерди ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин белгиледи.

Сауд Аравиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди үстүбүздөгү жылы Сауд Аравиясына расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Аталган сапардын так даталары алдыда дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылары белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий