• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте Кыргызстан менен Түркиянын кинематографисттери жолугушту

Маданият 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 18-октябрында Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө Кыргызстан менен Түркиянын кинематографисттери жолугушту. Бул тууралуу КР Кинематограция департаменинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымакта ылайык, жолугушууга Түркиядан келген Metin Gündoğdu (Жергиликтүү Ой Ассоциациясынын төрагасы), Kemal Uysal (Маданият жана туризм министрлигинин кино боюнча башкы директорунун орун басары), Öner Kılıç (директор – Түрк тасмалары жумалыгынын башкы координатору), Galip Güner (Продюсер), Fatih Özcan (директор), Bedir Acar (Журналист), Halil Kardaş (Продюсер – Сценарист), Ahmet Toklu (директор), Mehmet Bahadır Er (директор) жана Кыргызстандын продюсерлери, режиссерлору, каскадерлору катышты.

Түркиядан келген коноктор кино тармагындагы мыйзамдарынын өзгөртүүлөрү, "Коркут Ата" Эл аралык фестивалы тууралуу, түрк тилдүү мамлекеттерге кызыктуу боло турган орток эмгектерди жаратуу маселелери боюнча Кыргызстандык катышуучуларга айтып берип, берилген сууроолорго жооп беришти.

Кездешүүнүн катышуучулары конокторго өздөрүнүн долбоорлору тууралуу маалымдашып, орток эмгектерди жаратуу шарттары жана мөөнөттөрү боюнча сурашып, түрк тилдүү мамлекеттерде фильмдерди жүгүртүү ж.б. ушул сыяктуу темаларды көтөрүштү.

Кездешүүнүн жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн кинематографисттери чыгармачыл эмгек жаратуу максатында биринчи орунга тыгыз баарлашуу, таанышуу зарылдыгын жана кинематография тармагында келишим-меморандум иштеп чыгуу керек экендигин белгилешти.

Тараптардын жолугушуусу Бишкекте башталган "V түрк тасмалар жумалыгынын" алкагында өттү.

Пикир

Оставить комментарий