• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлери жолугушууда

Саясат 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушуу өткөрүүдө.

Белгилей кетсек, Түркиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапары менен келип, президент Садыр Жапаров менен жолугушкан.

Руслан Казакбаев менен Мевлүт Чавушоглунун жолугушуусу “Ала-Арча” мамлекеттик резиденцияда өтүүдө.

“Биздин өлкөлөрдүн ортосунда эч кандай саясий жана башка чыр-чатактар жок. Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы бир туугандык жана союздаш мамилелер болуп келген. Эки тараптуу мамилелер өнүгүүдө”, - деди Казакбаев.

Казакбаев Түркия биринчилерден болуп Кыргызстандын эгемендүүлүгүн тааныгандыгын эске салды.

Өз кезегинде Мевлүт Чавушоглу Түркия менен Кыргызстан бир туугандык өлкө, ошондой эле тарыхы, тамыры, тили жана дини бир болгон өлкөлөр экендигин белгиледи.

"Бүгүн Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын мамлекеттер аралык жолугушуусун жогорку деңгээлде өткөрүүгө даярдыкты делегация менен талкуулайбыз. Жакынкы арада Түркия менен Кыргызстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны болуп, анда Түркиянын вице-президенти жана Кыргызстандын премьер-министри катышат. Өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында бизнес форум өтөт", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий