• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Кыргызстан менен Венгриянын илим жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Билим 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. КР билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги менен жолугушту.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда Кыргызстан менен Венгриянын илим жаатындагы кызматташтыгы, ошондой эле эки өлкөдөгү жаш изилдөөчүлөрдүн такшалтмалары талкууланды.

Иш-чарага министрликтин илим жана илимий-техникалык саясат башкармалыгынын башчысы Гүлзада Билбаева, эл аралык кызматташтык жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү башкармалыгынын башчысы Айзада Апышевалар да катышты.

Пикир

Оставить комментарий