• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын Ишкерлер кеңешинин жыйыны өтөт

Экономика 0

Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы Ишкерлер кеңешинин биргелешкен жыйыны өтөт.

КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйын Бишкекте ушул жылдын 26-январында өтмөкчү.

Жыйынга даярдык көрүү алкагында Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

"Өкмөт баштаган Соода-өнөр жай палатасы эки өлкөнүн бизнесмендерине мамилелерди активдештирүүгө жардам берүүгө ниеттенүүдө. Бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү кызыкдар экендигин, ошондой эле Ишкерлер кеңешинин убагында эки мамлекеттин ортосунда чечилиши зарыл болгон өз маселелерин айткысы келерин билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматта айтылгандай, бизнес-ассоциациялардын жетекчилери өзбек кесиптештери менен талкуулоо үчүн документтердин пакетин беришет. Ушундай эле документтердин тизмеси өзбек тараптан күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, иштиктүү Кеңеш Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий