• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери жолугушууда

Президент 0

Бишкек, 05.09.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен тар чөйрөдөгү жолугушуусу башталды.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын башчысы Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келген. Сапардын алкагында башкы документ – кыргыз-өзбек чек арасы боюнча Келишимге кол коюу күтүлүүдө.

Буга чейин КР өкмөтү тараптар 17 жылдан бери алгачкы ирет чек ара маселесин чечип жатышканын билдирген.

6-сентябрда Шавкат Мирзиеевдин КР премьер-министри Сапар Исаков жана парламенттин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен жолугушуусу болмокчу.

Белгилей кетсек, акыркы ирет Өзбекстандын президенти Кыргызстанга расмий сапары менен 2000-жылы келген.

Пикир

Оставить комментарий