• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин кеңейтилген жолугушуусу башталды

Саясат 0

Бишкек, 05.09.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин жана Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиеевдин кеңейтилген жолугушуусу башталды.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын башчысы Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келген. Сапардын алкагында башкы документ – кыргыз-өзбек чек арасы боюнча Келишимге кол коюу күтүлүүдө.

Буга чейин КР өкмөтү тараптар 17 жылдан бери алгачкы ирет чек ара маселесин чечип жатышканын билдирген.

6-сентябрдаШавкат Мирзиеевдин КР премьер-министри Сапар Исаков жана парламенттин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен жолугушуусу болмокчу.

Эске сала кетсек, акыркы ирет Өзбекстандын президенти Кыргызстанга расмий сапары менен 2000-жылы келген.

Пикир

Оставить комментарий