• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте «Кыргызстан мисси-2017» сынагынын финалы өтөт

Коом 0

Бишкек, 3-апрель /Айжамал Дүйшоева-Кабар/. 5-апрелде Бишкектеги “Тагай бий” ресторанында “Кыргызстан мисси-2017” улуттук сулуулар сынагынын финалы өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган долбоордун директору Таттыбүбү Самидин кызы билдирди.

Анын айтымында, бул кечеде иш-чаранын коноктору калыстар тобу жана эл өлкөнүн эң сулуу жана таланттуу айымы титулунун жаңы ээсин кандайча тандай турганына күбө болушат.

“Сынактын жеңүүчүсүнө “Кыргызстандын мисси-2017” сынагынын таажысы жана титулу берилет. Ал уюштуруучулардын эсебинен “Дүйнө сулуусу-2017” эл аралык сулуулар сынагына биздин өлкөнүн атынан баруу укугуна ээ болот жана ага 100 миң сом сыйлык берилет”,-деп билдирди Т.Самидин кызы.

Ал финалга 17 кыз катышат деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий