• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте Кыргызстан – Пакистан соода жана инвестициялык форуму өтүп жатат

Коом 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 16-мартта Бишкекте Кыргызстан – Пакистан соода жана инвестициялык форуму өз ишин баштады. Бул тууралуу АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинен (USAID) билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган форумду USAID, Пакистандын Соода министрлиги жана Кыргызстандын министрлер кабинети биргелешип уюштурууда.

"Эки күндүк форумга Кыргызстан менен Пакистандан 150дөн ашык мамлекеттик жана жеке сектордун өкүлдөрү катышат. Катышуучулар эки өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө салым кошо турган экспортту, сооданы жана инвестицияны көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат. Форумда компаниялардын жана өкмөттөрдүн презентациялары, бизнес өкүлдөрү арасында жолугушуулар жана соода мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө үчүн турлар менен коштолот", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Пакистандан келген делегациянын курамында 40тан ашык бизнестин өкүлдөрү бар.

Пикир

Оставить комментарий