• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте Кыргызстан жана Финляндиянын бизнес өкүлдөрүнүн алгачкы жолугушуусу өттү

Экономика 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Бишкекте 23-майда Кыргызстан жана Финляндиянын бизнес өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жолугушуу финляндия тараптан өнөр жай, фармацевтика, курулуш жана суу тармагындагы мамлекеттик жана жеке түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.

Жолугушуунун максаты – кыргыз жана фин компаниялары үчүн байланыштарды түзүү үчүн аянтчаны камсыз кылуу, ошондой эле фин тарапка Кыргызстандагы бизнес-климат жана бизнес жүргүзүү жөнүндө маалымат берүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө B2B жана B2G форматындагы жолугушуулар өтүп, анда тараптар байланыштарды түзүп, кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мүмкүн болгон жолдору боюнча пикир алмашышты.

Белгилей кетсек, мындай форматтагы иш-чара фин тарап менен биринчи жолу өткөрүлүп жана тараптар туризмди өнүктүрүү, эки өлкө ортосундагы сооданы көбөйтүүгө, ата мекендик ишканалардын дараметин жогорулатууга жана биргелешкен ишканаларды түзүүгө багытталган кызматташуу багыттарын кеңейтүү зарылдыгын макулдашты.

Бул иш-чара Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланган Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын “Соодага көмөктөшүү” долбоорунун жардамы менен КРнын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жана ошондой эле Кыргызстандын Финляндиядагы Ардактуу консулу Петри Нуминнен тарабынан уюштурулду.

Ардактуу консулдар институту экономикалык дипломатия жаатындагы маселелерди өнүктүрүү боюнча натыйжалуу жана эффективдүү механизми болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий