• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Кыргызстан жана Словения ТИМ башчыларынын жолугушуусу башталды

Саясат 0


Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. “Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Бишкекке расмий сапар менен келген Словения өкмөтүнүн башчысынын орун басары - тышкы жана европалык иштер министри Таня Файон менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин жолугушуусу өтүүдө.

Тараптар жолугушуу жана сүрөткө түшүү аземинен кийин тар чөйрөдө кыргыз-словения кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулоого киришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар ЖМК өкүлдөрүнө маалымат берет.

Пикир

Оставить комментарий