• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте “Кыргызстанда электр мобилдүүлүктү өнүктүрүү” аталышындагы конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 23.04.22. /Кабар/. Кечээ, 22-апрелде Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда “Кыргызстанда электр мобилдүүлүктү өнүктүрүү” аталышында конференция (гибриддик форматта) өттү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чараны Кыргызпатенттин директорунун биринчи орун басары Исламбек Мойдинов ачып берип, өлкөдө инновацияларды, анын ичинде жашыл технологияларды өнүктүрүү үчүн акыл-эс чечимдерин киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Конференцияга Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги, Аньош Йедлик атындагы электромобилдүүлүк кластеринин директору Золтан Виг (Венгрия), БУУнун энергетика боюнча эксперти Улар Ниязалиев, мамлекеттик органдардын, жогорку окуу жайларынын жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Онлайн байланыш аркылуу электр мобилдүүлүк кластеринин директору Золтан Виг Венгриянын электр транспорт каражаттарына өтүүдөгү тажрыйбасы, ушул жааттагы мыйзамдар, мамлекеттик колдоо, негизги бизнес моделдер жана аларды жөнгө салуу ыкмалары тууралуу айтып берди.

Спикерлер электр менен жүрүүчү унааларды өндүрүү жана аларды өнүктүрүү, тиешелүү инфратүзүм менен камсыздоо боюнча жүргүзулүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Мындан сырткары, көмүр кычкыл газынын калдыктарын азайтуу үчүн жашыл технологияларды жандандыруу жана ушул тармакта маалыматтуулукту жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий