• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Made in KG: Жакында Бишкекте экологиялык жактан таза автобустар пайда болот

Коом 0

Бишкек, 04.02.19. /Кабар/. Кыргызстанда жасалган экологиялык жактан таза электр автобустары жакында Бишкекте каттап баштайт. Бул долбоорду кыргызстандык мекендештерибиз иштеп чыгышкан - кыргыз инженерлери, программисттер жана дизайнерлер. Ата мекендик автобустарды иштеп чыгуу оюу 1,5 жыл мурда жаралган. Тогуз кишиден турган команда батарейка менен жүрүп, айлананы булгабай турган унааны иштеп чыгышкан.

Бир айдан кийин автоунааны чогултуу башталып, демилгени мамлекет колдосо биз - борбор калаанын тургундары менен коноктору "Made in KG" автордук унааларында жүрүп калабыз.

Бул тууралуу кененирээк "Кабар" агенттигине "Окталион" ЖЧКсынын директору Бакыт Курманкожоев айтып берди.

Анын айтымында, баардык техникалык маселелери дээрлик чечилген. Болгону практикалык бөлүгү калган.

"Биз чакан цех даярдап, ал жерде биринчи үлгүсүн түзүүнү пландап жатабыз. Автобустун бир заряды 70-80 чакырымга чейин эсептелген. Ал эми биздин жергиликтүү автобустардын бир тарапка каттамы 62 чакырымды түзөт. Биз жайкы жана кышкы режимдерди караштырганбыз. Ал атайын батарейкада - литий-титанат аккумуляторунда иштеп, болгону 6 мүнөттө заряддалат", - деди ал.

Автобус 40 орундук болуп, андан тышкары 20 адам туруп барууга ыңгайлаштырылган. Батарейкалар гана Кытайдан алынып, андан тышкаркы баардык жумуш автордук иш болууда.

Бакыт Курманкожоев баарынан мурда автобустар биздин экологияны сактоо үчүн жасалып жатканын айтат.

"Сынактан өткөндөн кийин, аны мамлекеттик деңгээлде тааныштырууну көздөп жатабыз. Аны жактырып, колдоо тапсак, анда долбоордун кийинки баскычын иштеп баштап - автобусту чыгара баштайбыз. Азырынча баасын чече элекпиз. Бирок эл аралык базарга чыгып, болжол менен 150 миң доллардан сатабыз. Кытайдан чыккан электр автобустары учурда дээрлик 300 миң доллар турат", - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий