• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте «Кыргызстанда жасалган» көргөзмө-жарманкеси өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 28-апрель /Роман Гайнанов-Кабар/. Бүгүн Бишкекте “Кыргызстанда жасалган” көргөзмө-жарманкеси өтүүдө.

Ата мекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегендаевдин айтымында, жарманке 2600 квадрат метр аянтты ээлейт.

“Бул жарманке Кыргызстандын ишкерлери, андан тышкары сатып алуучулар үчүн кызыктуу. Көргөзмөгө ата мкендик өндүрүшчүлөрдүн текстиль, кийим-кече, бут кийим, тамак-аш азыктары, кондитердик азыктар, фармацевтика, өндүрүш жана керек-жарак товарлары, андан тышкары гүлдөр жана сувенирдик буюмдары коюлган. Жарманкеге КРнын 7 облусунан келген 150дөн ашык ишкерлери катышууда, көргөзмө учурунда 30 000 адам келүүсү пландалган”,-деди ал.

Ошондой эле, көргөзмөгө чет элдик базарлардын ири ишкерлери жана өкүлдөрү чакырылган.

Пикир

Оставить комментарий