• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте “Кыргызстандагы конфессиялар аралык диалог” конференциясы өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.12.18. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы “Кыргызстандагы конфессиялар аралык диалог” аттуу жыйынтыктоочу конференциясын өткөрүүдө. Иш-чара Кыргызстандагы ар түрдүү диний уюмдардын өкүлдөрүнүн арасында ынтымак жана сабырдуулукту орнотууга арналган.

Уюштуруучулардын айтымында, конференцияда диний чөйрөдөгү маселелер, коомдо туруктуулукту сактоо, мамлекеттик жана конфессиялар ортосундагы ынтымакты бекемдөө маселелери талкууланат.

Иш-чаранын жыйынтыгында диндер арасындагы ынтымакты сактоо иштери менен алектенген алгачкы өз алдынча орган – “Кыргызстандын конфессиялар аралык кеңеши” түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий